Макрон : "Украина үчүн атайын фонд түзүлөт"

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын согуш аракеттерин колдоо үчүн атайын фонд түзүү чечимин жарыялады.

1890139
Макрон : "Украина үчүн атайын фонд түзүлөт"

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын согуш аракеттерин колдоо үчүн атайын фонд түзүү чечимин жарыялады.

Макрон Чехиянын борбор шаары Прагада Европа Биримдигинин расмий эмес  саммитинен кийинки басма сөз жыйынында  Украина -  Россия согушу жана энергетика темасын сүйлөшкөндөрүн айтты.

Өлкөсүнүн Украинага аскердик техникаларды колдоосун эске салган Макрон, Франциянын кээ бир европалык өнөктөштөрү менен кошумча ЦЕЗАР гаубицасын жеткирүү боюнча иштөөнү улантып жатканын айтты.

"Биз саммитте согуш аракеттерин жана Россиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Украинага эң керектүү материалдарды түздөн - түз биздин өнөр жайчылардан сатып алууга мүмкүндүк бере турган атайын фонд түзүүнү чечтик",- деген  Макрон бул фондду биринчи кезекте 100 миллион евро менен камсыздай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар