Орусиялык туристтердин Европага саякаттоосу 95 пайызга кыскарды

ATORдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2022-жылдын биринчи жарымында орустардын Европага 1,2 миллион саякат жасаганы эске салынды.

1878945
Орусиялык туристтердин Европага саякаттоосу 95 пайызга кыскарды

Орусиянын Туроператорлор Ассоциациясы (ATOR) орус туристтердин Европага саякаттоосу быйыл жайында 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90-95 пайызга кыскарганын билдирди.

ATORдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2022-жылдын биринчи жарымында орустардын Европага 1,2 миллион саякат жасаганы эске салынды.

2019-жылдын тийиштүү мезгилинде Европага 8 миллион орус жаранынын барганы маалымдаган билдирүүдө: «Орусиялык туристтердин Европага саякаттары 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу быйыл жайында 90-95 пайызга кыскарды»,-деп айтылды.

Европага саякаттардын кескин азайышынын негизги себеби авиация тармагына киргизилген санкциялар жана Европа өлкөлөрүнүн орус жарандарына карата катуу виза саясаты болду.



Тектеш кабарлар