БУУ Израилге каршылык көрсөттү

Нада Аль-Наши Палестинада адам укуктарынын бузулушуна токтолду.

1878899
БУУ Израилге каршылык көрсөттү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Палестинада укук коргоочулардын Израилдин коопсуздук күчтөрү тарабынан бутага алынышына каршылык көрсөттү.

Швейцариянын Женева шаарында БУУнун Адам укуктары кеңешинин 51-сессиясынын ачылышында сөз сүйлөгөн БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Нада Аль-Наши Палестинада адам укуктарынын бузулушуна токтолду.

Аль Наши Палестинада укук коргоочулардын бутага алынышына жана 18-августта Рамаллада палестиналык укук коргоочу 7 уюмдун негизсиз жабылышына тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согушта эң көп жарандардын жапа чеккенин баса белгилеген Аль Наши: «Дүйнөлүк деңгээлде согуштун социалдык жана экономикалык кесепеттери, аз камсыз болгон өлкөлөрдө азык-түлүк коопсуздугу коркунучунун астында уланууда»,-деп айтты.

Глобалдык азык-түлүк кризисинен чыгуу үчүн Түркия, БУУ, Орусия жана Украинанын демилгеси менен июль айында дан коридорунун түзүлгөнүнө ыраазы болгонун билдирген Эль Наши, бул демилгени «маанилүү келишим» деп сыпаттап, эл аралык коомчулукту "ташылып жаткан азык-түлүктөрдүн муктаж болгондорго жетүүсүн камсыздоого" чакырды.

7-октябрга чейин созула турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 51-сессиясында 80ден ашуун отчет жана 30дан ашуун өлкөнүн абалы каралат.



Тектеш кабарлар