Макрон менен Зеленский атомдук станциянын абалын талкуулашты

Билдирүүдө Макрон Зеленскийге согуштун жүрүшү жана Украинанын муктаждыктары тууралуу маалымат бергени белгиленген.

1878336
Макрон менен Зеленский атомдук станциянын абалын талкуулашты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүүдө Запорожье атомдук электр станциясынын абалын талкуулашты.

Президенттик Елисей сарайынан жасалган билдирүүдө эки лидердин Запорожье атомдук электр станциясынын абалын талкуулаганы жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ишин колдоорун билдиргени белгиленди.

Макрон менен Зеленский өзөктүк объектилердин коопсуздугун жана кепилдигин камсыз кылуу үчүн орус күчтөрүн чыгарып кетүүсү боюнча макулдашты.

Билдирүүдө Макрон Зеленскийге согуштун жүрүшү жана Украинанын муктаждыктары тууралуу маалымат бергени белгиленген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар