Байден Канада, Япония жана Европа лидерлери менен сүйлөштү

Ак үй жазуу түрүндө маалымат берди.

1877816
Байден Канада, Япония жана Европа лидерлери менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Канада, Япония жана Европа лидерлери менен Украинага аскердик, каржылык жардам жана Европага газ жеткирүү маселесин талкуулады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден, Румыниянын президенти Клаус Иоханнис, Польшанын президенти Анджей Дуда, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, Япониянын премьер-министри Кишида Фумио, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Британиянын премьер-министри Лиз Трасс менен катар Франциянын жана Евробиримдиктин (ЕБ) өкүлдөрү менен да жолугушту.

Украинага аскердик жана каржылык жардамдар менен Орусияга каршы санкциялардын улантылышына басым жасалган жолугушууда лидерлер, Европага арзан жана туруктуу газ жеткирүү маселесин да талкуулашты.



Тектеш кабарлар