Орус аскердик күчтөрү Харьковго чабуул коюшту

Кол салууда каза болгон же жарадар болбогону менен бир бизнес борбору чоң зыян тартты.

1876830
Орус аскердик күчтөрү Харьковго чабуул коюшту

Орус күчтөрү Украинанын экинчи чоң шаары Харьковдун борборуна түн ичинде 2 ракета менен сокку урду.

Кол салууда каза болгон же жарадар болбогону менен бир бизнес борбору чоң зыян тартты.

Харьков аймагынын Аскердик башкаруусунун губернатору Олег Синегубо социалдык медиа эсебинен жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус күчтөрү тарабынан шаардын борборунда атылган ракеталардын биринин эки кабаттуу бизнес борборуна тийгенин, жакын жердеги унаа жуучу жайда өрт чыкканын, ал эми экинчи ракета жолго түшкөнүн айтты.

Тегеректеги дүкөндөргө жана унааларга зыян келтирилгенин белгилеген Синегубо кол салууда каза болгондордун жана жабыркагандардын болбогонун белгиледи.

Украин полициясы окуя болгон жерге таң эрте барып, иликтөө иштерин жүргүздү.

Орус күчтөрү кечээ Харьковго 3 башка чабуул жасап, бир аял каза болгон.

Орусия чек арасынан болжол менен 45 километр алыстыкта ​​жайгашкан жана Украинанын борбор калаа Киевден кийинки экинчи чоң шаары болгон Харьков, орус күчтөрүнүн ракеталык жана гранатамеддук чабуулдарына көп дуушар болуп жатат

Кол салуулардан улам Харьков калкынын жарымынын шаардан чыгып кеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар