Ирактагы чыңалуу

Жашыл аймактагы өкмөт сарайына кирген Садр жактоочуларына коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

1873699
Ирактагы чыңалуу

Иракта Садр кыймылынын лидери Муктада эс-Садрдын жактоочулары борбор шаар Багдаддагы Жашыл аймакка кирип барганда коопсуздук күчтөрүнүн аткылоосунан 20дан ашуун кишинин каза болгону, 350 активисттин жараланганы белгиленди.

Жашыл аймактагы өкмөт сарайына кирген Садр жактоочуларына коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Садр тарапкерлерин Өкмөт сарайынан сүрүп чыгарган коопсуздук күчтөрү сарайдын эшигин жаап, имаратты коргоого алды.

Багдад Аль-Йевм кабар сайтынын коопсуздук булактарына таянган кабарына караганда борбор шаар Багдадда Садр кыймылынын лидери Муктада эс-Садрдын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууда каза болгондордун саны 13кө, жаралангандардын саны 350гө жетти.

Ирактын түштүгүндө да көчөлөргө чогулган Садрдын жактоочулары нааразылык акцияларын баштап, өлкө боюнча коменданттык саат киргизилди.

Садрдын тарапкерлери, лидерлеринин саясаттан чегинүү чечиминен кийин Жашыл зонадагы өкмөт жана президенттик сарайга кирип барышкан.

Жашыл зонада Садрдын кошуундары менен өкмөттүк күчтөр жана Хашди-Шааби кошуундарынын ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп жатат.

Кагылышууларда минометтор жана берки оор куралдар да колдонулууда.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, атышуулар уланып жаткан Жашыл аймакка минометтун огу түштү.



Тектеш кабарлар