Быйыл Ковид-19дан каза болгондордун саны 1 миллиондон ашканы маалымдалды

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) Женевадагы башкы кеңсесиндеги маалымат жыйында сөз сүйлөгөн башкы директор Тедрос Адханом Гебреисус Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

1872516
Быйыл Ковид-19дан каза болгондордун саны 1 миллиондон ашканы маалымдалды

Быйыл коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) каза болгондордун саны 1 миллиондон ашканы маалымдалды.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) Женевадагы башкы кеңсесиндеги маалымат жыйында сөз сүйлөгөн башкы директор Тедрос Аданом Гебреисус Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

Гебреисус, вирус өз таасирин көрсөтө баштаган 2019-жылдын аягынан бери дүйнөдө вирустун айынан 6 миллион 45 миң адам каза болгонун белгилеп:«Ушул жумада биз жыл башынан бери 1 миллион адамдын өлүмү менен кайгылуу этаптан өттүк»,- деди.

Адам өлүмүнө жол бербөө үчүн куралдар бар болгону менен, мынчалык көп өлүм кабыл алынгыс экенин баса белгилеген Гебреисус:«Биз бардык өкмөттөрдү калктын 70 пайызын эмдөө максатына жетүү үчүн медициналык кызматкерлерди, кары-картаңдарды жана коркунучу жогору адамдарды эмдөөгө чакырабыз»,-деп айтты.

136 өлкөнүн июнь айынын аягына чейин калкынын 70 пайызын эмдөө максатына жете албаганын белгилеген Гебреисус, бул өлкөлөрдүн 66сы калктын 40 пайызын да эмдей албаганын баса белгиледи.

Эмдөө деңгээли төмөн өлкөлөрдө эмдөө потенциалы акырындап өсүп жатканын белгилеген Башкы катчы: «Көбүрөөк иштерди жасоо керек. Дүйнө калкынын үчтөн бири, медицина кызматкерлеринин үчтөн экиси жана улгайгандардын төрттөн үчү дагы эле эмдөөдөн өтүшкөн эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар