Ооганстандын Логар провинциясын сел каптады

Логар губернатору Мевлеви Инаятулла Шужа басма сөзгө берген маалыматында, селге мурунку күнү эртең менен башталган нөшөрлөгөн жамгыр себеп болгонун айтты.

1870525
Ооганстандын Логар провинциясын сел каптады

Ооганстандын борбору Кабулга жакын жердеги Логар провинциясында өткөн кечинде болгон сел апаатында 20 киши каза болду.

Логар губернатору Мевлеви Инаятулла Шужа басма сөзгө берген маалыматында, селге мурунку күнү эртең менен башталган нөшөрлөгөн жамгыр себеп болгонун айтты.

Логардын Хоши районунда болгон селде 20 кишинин каза болгонун белгилеген Шужа 32 кишинин жараланганын, сел суусуна түшкөн 4 кишиден дагы кабар жок экенин айтты.

Шужа селден улам 3 миңден ашуун үй зыян тартканын белгиледи.

Табигый кырсыктар менен күрөшүү Логар провинциясынын төрагасы Мевлеви Абдуллах Муфаккир, сел каптаган көптөгөн айылдарда адамдардын камалып, куткарууну күтүп жатканын айтты.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Несим Хаккани өлкө боюнча акыркы бир айда болгон селден 165 кишинин каза болгонун билдирди. Хаккани бул мезгилде миңдеген гектар жердин да селден зыян тартканын белгиледи.



Тектеш кабарлар