Индияда дыйкандар кайрадан көчөгө чыгышты

The Indian Express гезитинин кабарына караганда, Нью-Делиге чогулган демонстранттар өкмөттүн аткарылбаган убадаларына нааразылык билдирип, тосмолорду бузуп, премьер-министр Нарендра Модиге каршы ураандарды кыйкырып чыгышты.

1870994
Индияда дыйкандар кайрадан көчөгө чыгышты

Индияда миңдеген фермерлер минималдуу колдоо акысын талап кылып, узак тыныгуудан кийин кайрадан көчөгө чыгышты.

The Indian Express гезитинин кабарына караганда, Нью-Делиге чогулган демонстранттар өкмөттүн аткарылбаган убадаларына нааразылык билдирип, тосмолорду бузуп, премьер-министр Нарендра Модиге каршы ураандарды чакырып чыгышты.

Индиянын фермерлер биримдигинин (BKU) лидери Жагжиет Сингх Даллевал борбор шаар Делиде фермерлер уюштурган нааразылык акцияларына полициянын кийлигишкенин билдирди.

Түшүм өстүрүү үчүн минималдуу колдоо акысын талап кылган дыйкандардын полиция тарабынан бөгөт коюлганын белгилеген Даллевал, кыймылдардын тынч жана бир күндүк болгонун баса белгиледи.

Даллевал борбор калаага кире турган унааларга уруксат берилбегенин жүйө келтирди.

Полиция нааразылык акцияларына Пенджаб жана Харьяна провинцияларынан 5 миң фермер катышканын жарыялады.

Бир тараптан айрым дыйкандар кармалганы кабарланды.

Жооптуу кызматкерлер Нью-Делиге бараткан демонстранттар Тикри, Сингху жана Газипур шаарларында жол кыймылынын токтошуна себеп болгонун белгилешти.



Тектеш кабарлар