Португалия, Марокко жана Аргентинадагы токой өрттөрү...

Марокконун расмий агенттиги MAPдагы кабарда өлкөнүн түндүгүндөгү Хусейме шаарынын токойлорунда 17-августта чыккан өрттөрдү өчүрүү аракеттеринин уланып жатканы белгиленди.

1870509
Португалия, Марокко жана Аргентинадагы токой өрттөрү...

Португалияда өкмөт мүмкүн болгон өрттүн алдын алуу үчүн бүгүнтөн баштап токойлорго кирүүгө 3 күндүк тыюу салды.

Өкмөт токойлорго патрулдук топторду, анын ичинде аскерлерди жайгаштырды.

Өлкөнүн Пенафиэль жана Канелас аймактарында өрт уланууда.

Марокконун түндүгүндө 3 күндөн бери уланган токой өртүндө 55 гектар жер зыян тартты.

Марокконун расмий агенттиги MAPдагы кабарда өлкөнүн түндүгүндөгү Хусейме шаарынын токойлорунда 17-августта чыккан өрттөрдү өчүрүү аракеттеринин уланып жатканы белгиленди.

Canadair тибиндеги өрт өчүргүчтөр менен керектүү кийлигишүүлөрдүн жасалганы билдирилди, бирок аймактын катаал табияты, катуу шамал жана өтө ысык аба ырайы өрттү көзөмөлдөөнү кыйындатууда.

Аргентинада президент Альберто Фернандес өлкө эки жумадан ашык убакыттан бери Парана дельтасында уланып жаткан токой өртүнө жооп берүү үчүн куралдуу күчтөрдү жайгаштырып жатканын жарыялады.

Фернандес өзүнүн Твиттер баракчасында атайылап жагылганы болжолдонгон өрттөрдүн жооптууларын табуу үчүн керектүү кадамдардын ташталганын билдирди.

Аргентинанын борбордук бөлүгүндө, Буэнос-Айрес провинциясынын түндүгүнөн жана Энтре-Риос жана Санта-Фе провинцияларынан өткөн туурасы 14 миң чарчы километр жана узундугу 302 чакырымды түзгөн Парана дельтасындагы токой өрттөрү 10 миң гектар жерди жок кылды.

Жыл сайын август, январь айларында болгон өрттөрдү малчылар атайылап жайлоо жерлерин ачыш үчүн жагып жатышат деп ойлошот.



Тектеш кабарлар