Индонезияда алгачкы маймыл чечек оорусу катталды

Сяхрил сөз болуп жаткан адам 16-августта оорунун белгилерин сезип, эки күндөн кийин текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага барганын маалымдады.

1870416
Индонезияда алгачкы маймыл чечек оорусу катталды

Индонезияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккан учур катталды.

Jakarta Globe гезитинин кабарына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Сяхрил маймыл чечек оорусу чет өлкөдөн кайтып келген борбор шаар Жакартада жашаган 27 жаштагы адамда аныкталганын тастыктады.

Сяхрил сөз болуп жаткан адам 16-августта оорунун белгилерин сезип, эки күндөн кийин текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага барганын маалымдады.

Өткөн түнү тесттин позитив болгонун белгилеген басма сөз катчысы: «Бейтаптын бети, колу, буту жана жыныстык аймагынын температурасы көтөрүлүп, лимфа бездери шишип, кызарып жатат. Жеңил гана симптомдор бар деп айтууга болот»,-деди.

Сяхрил бейтаптын үй карантинине алынганын жана анын дарылоосу аралыктан уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар