Нидерландияда маймыл чечеги вирусу

Нидерландияда биринчи бейтаптан кийин 3 айдын ичинде вирус жуктурган 1025 бейтап аныкталды.

1868348
Нидерландияда маймыл чечеги вирусу

Нидерландияда биринчи бейтаптан кийин 3 айдын ичинде вирус жуктурган 1025 бейтап аныкталды. 

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана экология үчүн мамлекеттик институттун сайтында жаңыланган сандарга караганда маймыл чечеги вирусун жуктурган бейтап саны миңден ашты.

Саламаттыкты сактоо жана экология үчүн мамлекеттик институту тарабынан 1025 бейтаптын көпчүлүгүнүн гомосексуалдык мамиледе болгондордо байкалганы  белгиленди.

Нидерландияда  маймыл чечеги вирусуна каршы эмдөөлөр тобокелдик тобундагы адамдар үчүн июль айында башталган.

25 муниципалитетте вакцинациялоо жүргүзүлүп, Саламаттыкты сактоо жана экология үчүн мамлекеттик институтунун маалыматтарына караганда 10 -  августтан тарта 5 миң 441 доза маймыл чечеги вирусуна каршы вакцина берилди. 

Маймыл чечеги вирусу

Эндемикалык вирус себеп болгон аз кездешилген оорулардын бири катары билинген маймыл чечеги вирусу Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнүүдө. 

Көбүнчөсү жаныбарлардан адамга жана аз санда адамдан адамга жуккан вирус денеде жогорку температура жана кычышууга жол ачууда. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун 10-августтагы маалыматына караганда, жылдын башынан бери дүйнө жүзү боюнча 89 өлкөдө же аймакта 27 814 учур катталды.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  дүйнөгө, өзгөчө Европага жайылышын улантып жаткан маймыл чечеги эпидемиясын Эл аралык коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар