Лу Шайе :"Тайванга аскердик операция болушу мүмкүн "

Француз BFMTV каналынын коногу болгон Лу Тайвандагы акыркы чыңалууга байланыштуу баа берди.

1864418
Лу Шайе :"Тайванга аскердик операция болушу мүмкүн "

Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шайе Тайванга карата аскерий операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Француз BFMTV каналынын коногу болгон Лу Тайвандагы акыркы чыңалууга байланыштуу баа берди.

Кытайдын Тайванга карай аскердик операция жасашы ыктымалдыгын билдирген Лу, мунун Тайвандыктарга каршы операция болбой турганын баса белгиледи.

Лу, Тайванда коомчулуктун мээси жуулгандыгын ырастап:"Бириккенден кийин кайра тарбиялайбыз. Ошондо Тайван калкы кайрадан биригүүнү жактайт деп ишенем. (Тайвандыктар) Кайрадан патриоттук сезимде болушат",-деди.

Ошондон кийин журналист «Коркутуу мененби?» деген суроо узатканда, «Кайра тарбиялап, коркутуп эмес», - деп жооп берди Лу.

20 жыл мурда Тайвандыктар негизинен Тайвандын Кытай аймагына кайра кошулушун жакташканын белгилеген Лу: «Демократиялык прогрессивдүү партия (ДПП) Кытайга каршы өтө көп пропаганда жүргүзүп жаткандыктан, бүгүн аралдагылар буга каршы»,-деп айтты.

Лу, Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынын «өтө чоң коркунуч жана кризис жаратканын» жана «керексиз провокация» экенин айтты.

«Чыңалууну» жогорулаткандын Кытай эмес, Пелосинин сапары болгонун баса белгилеген Лу, бул провокацияга жооп бергендерин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар