Австралия 450 миң доза маймыл чечги вирусуна каршы вакцина алды
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун 27-июлдагы билдирүүсүндө 78 өлкөдөн 18 миңден ашуун учурдун тастыкталганы айтылган.
Австралия маймыл чечеги вирусунун күчөшү менен 450 000 доза вакцина сатып алды.
Маймыл чечеги вирусуна каршы вакцинанын алгачкы 22 000 дозасы бир нече күндүн ичинде Австралияга келе турганы, башка дозалары жылдын аягында жана 2023-жылы келери белгиленди.
Австралияда ушул убакка чейин маймыл чечеги вирусунун 53 учуру аныкталды.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 23-июлда бүткүл дүйнөгө, өзгөчө Европага жайылышын улантып жаткан маймыл чечги эпидемиясын Эл аралык коомдук саламаттыгын сактоо боюнча өзгөчө кырдаалы (PHEIC) деп жарыялаган.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун 27-июлдагы билдирүүсүндө 78 өлкөдөн 18 миңден ашуун учурдун тастыкталганы айтылган.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.