Кувейтте парламент таратылды
Кувейт конституциясы боюнча эң кеч эки айдын ичинде шайлоо өткөрүлүшү керек.
Кувейтте мураскер принц Шейх Мешал ел - Ахмед ел - Жабир ес - Сабах "депутаттардын ортосундагы дал келбестиктен улам" парламентти таратты.
Принц тарабынан жарыяланган жарлыкта парламенттин "саясатчылардын арасындагы дал келбестиктин, кызматташуунун кемчилиги, айырмачылыктар, жеке кызыкчылык жана тараптардын арасындагы келишпестиктерди оңдоо максатында" таратылгандыгы белгиленди.
Жарлыкта улуттук биримдикти коркунучка салган иш - аракеттер, жүрүм - турумдардын бар экендигине көңүл бурулуп, өз кызыкчылыктарын камсыздай турган жолду кайра чийүү үчүн коомчулукка кайрылуу зарылчылыгынын жаралгандыгы айтылды.
Кувейт конституциясы боюнча эң кеч эки айдын ичинде шайлоо өткөрүлүшү керек. Кечээ өлкөдө Шейх Ахмед Невваф ел - Ахмед ес - Сабахтын жетекчилигинде курулган жаңы өкмөт ант берген.