Кувейтте жаңы өкмөт курулду

Кувейтте Шейх Ахмед Невваф ел  -  Ахмед ес  - Сабахтын жетекчилигинде жаңы өкмөттүн курулгандыгы билдирилди.

1862627
Кувейтте жаңы өкмөт курулду

Кувейтте Шейх Ахмед Невваф ел  -  Ахмед ес  - Сабахтын жетекчилигинде жаңы өкмөттүн курулгандыгы билдирилди. 

Кувейт расмий агенттиги KUNAнын кабарына караганда мураскер ханзада Мешал ел  - Ахмед ес  - Сабах жаңы өкмөттүн курулушу тууралуу бир эмирлик жарлыгын чыгарды. Шейх Ахмед Невваф ел  - Ахмед ес  - Сабахтын жетекчилигиндеги жаңы кабинеттин 12 министрден тургандыгы белгиленди. 

Кабарда өзгөчө жаңы өкмөттө Маданият жана маалымат министрлигине алып келинген Абдуррахман ал-Матириден башка 11 министрдин мурунку өкмөттө  орун алган ысымдар экендиги белгиленди. 

Кувейт эмири Шейх Неваф ел  -  Ахмед ел  -  Жабир ес  - Сабах өткөн жумада улуу уулу Шейх Ахмед Неваф ел  - Ахмедди жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирген.

Шейх Ахмед Неваф мындан мурда вице  - премьер - министрлик жана ички иштер министрлиги кызматын аткарган. 

 



Тектеш кабарлар