Садр режимди алмаштырууну талап кылды

Муктеда эс-Садр коопсуздук күчтөрүнөн, Хашд аш-Шаабиден жана уруулардан өзүнүн жактоочуларынын Жашыл зонада уюштурулган митингге кошулууну суранды.

1861983
Садр режимди алмаштырууну талап кылды
Irak Protestolar3.jpg
Irak Protestolar1.jpg
Irak Protestolar.jpg
Irak Protestolar2.jpg

Иракта Садр кыймылынын лидери Муктеда эс-Садр режимди жана конституцияны өзгөртүүнү талап кылды.

Муктеда эс-Садр коопсуздук күчтөрүнөн, Хашд аш-Шаабиден жана уруулардан өзүнүн жактоочуларынын Жашыл зонада уюштурулган митингге кошулууну суранды.

Конституцияны өзгөртүү жана парламенттик башкаруудан баш тартууну талап кылган шиит лидери өзү каалаган режимдин түрүн айткан жок.

Садрдын билдирүүсүнөн кийин анын жүздөгөн жактоочулары Жашыл аймакка агыла баштады.

Муктеда эс-Садрдын жактоочулары кечээ Иранга жакын шиит саясий чатыр уюму болгон Координациялык алкактын премьер-министрликке талапкери деп жарыяланган Мохаммед Шиа Эс-Суданиге каршылык көрсөтүп, бир жуманын ичинде экинчи жолу басып алган Жашыл аймактагы парламент имаратында мөөнөтсүз  акцияны баштаган.

Жашыл зонада нааразылык акциясынын үчүнчү күнүндө Садрдын жактоочулары «мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү, мурдагы премьер-министр Нури ал-Маликинин соттолушун жана сот администрациясын алмаштырууну» талап кылышууда.

Митингчилер талаптары аткарылмайынча Жашыл зонадан чыкпай турганын айтышууда.

Парламенттин жыйындары өтө турган залга чогулган демонстранттар Садрды «добуш берүү» менен Ирактын «абсолюттук башкаруучусу жана ээси» деп жарыялашты.

Залда бат-баттан АКШ, Иран жана Маликиге каршы ураандар айтылып жатат.

Шиит координация алкактарынын жактоочулары да борбор калаа Багдаддагы Жашыл аймакка кирүүгө аракет кылууда.

Иран колдогон шиилердин саясий чатыр уюму болгон Координациялык алкактын жактоочулары үч аскердик көзөмөл пунктун айланып өтүп, Жашыл аймактын дарбазасына жакындашты.

Коопсуздук күчтөрү чогулган элге басымдуу суу менен кийлигишип, алардын аймакка киришине тоскоол болууда.

Демонстранттар премьер-министр Мустафа ал-Каземиге каршы жана мурдагы премьер-министр Нури ал-Маликини колдогон ураандарды кыйкырып жатышат.



Тектеш кабарлар