Иракта Садр жактоочулары митингге чыгышты

Коопсуздук күчтөрү  басымдуу суу жана үн бомбалары менен митингге чыккандарга кийлигишүүдө.

1861493
Иракта Садр жактоочулары митингге чыгышты

Ирактагы Садр кыймылынын лидери Муктада эс-Садрдын жактоочулары уюштурган нааразылык акцияларына  коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында 60 киши жараланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта митингдерде жараланган 60 кишинин борбор шаар Багдаддагы түрдүү ооруканаларга жеткирилгени билдирилди.

Өлкөдөгү Садр жактоочулары Иран колдогон шииттердин саясий чатыр уюмунун Координациялык алкактык уюмунун премьер-министрликке талапкери Мухаммед Шиа Суданиге нааразылык билдирип жатышат. Нааразылык акция учурунда  бир группа бетон тосмолордон өтүп коргоого алынган Жашыл аймакка кирип, парламент имаратын басып алды. 

Коопсуздук күчтөрү  басымдуу суу жана үн бомбалары менен митингге чыккандарга кийлигишүүдө. 

 



Тектеш кабарлар