АКШдан Германияга Ф - 35 учагы сатылат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Германияга 8,7 миллиард долларлык 35 даана Ф  - 35  аскердик учак жана учактын ок  - дарыларын сатууну бекитти.

1861097
АКШдан Германияга Ф  - 35  учагы сатылат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Германияга 8,7 миллиард долларлык 35 даана Ф  - 35  аскердик учак жана учактын ок  - дарыларын сатууну бекитти. 

АКШнын Коргоо Коопсуздук Кызмтташтыгы агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : Тышкы иштер министрлиги Германияга болжолдуу баасы 8,4 миллиар доллар болгон Ф  - 35  учагы, тийиштүү каражаттар жана ок  - дары сатууну бекитүүгө чечим чыгарды",- деп айтылды. 

Сатуунун бекитилишине байланыштуу Конгресске берилген маалыматта учуп  - коно алган 35 даана Ф  - 35  учагы, 37 даана запастык кыймылдаткыч, түрдүү калибрге жана жөндөмдүүлүккө ээ көп сандаган аскердик учак ок  -  дарысы жана башка колдоочу каражаттардын орун алгандыгы белгиленди. 

Март айында  немис өкмөтүнүн АКШдан Торнадо учактарынын ордуна 35 даана Ф  - 35  аскердик учагын алары билдирилген. 

 

 



Тектеш кабарлар