Японияда маймылдардын кол салуусу улантылууда

Япониянын Ямагучи провинциясында дүйшөмбү күнү маймылдар 8 кишиге кол салып, 50 кишинин дагы жаралангандыгы билдирилди.

1860560
Японияда маймылдардын кол салуусу улантылууда

Япониянын Ямагучи провинциясында дүйшөмбү күнү маймылдар 8 кишиге кол салып, 50 кишинин дагы жаралангандыгы билдирилди.

Аймактагы үйлөрдүн терезелеринен кирип, бала бакчаларга кирүүгө аракет кылган маймылдардын көбүнчө балдарды жана карыларды бутага алганын айткан бийлик, кол салуулардын коркунучтуу өлчөмгө жетиши менен ичинде баңги зат болгон куралдар менен аңчылык тобунун түзүлгөнүн жарыялады.

Маймылдардын тузак катары белгилүү жерлерге ташталган тамактарга кызыкпашынан улам кармоо аракеттери ийгиликсиз болуп, адистер «абдан акылдуу» деп аныктаган маймылдардын жалпысынан адамдарга аркадан кол салгандыгы белгиленди.

Маймыл менен кездешкен учурда жасала турган кадамдар тууралуу маалымат берген жетекчилер, көз байланышын курбоо, кийим-кече, жууркан сыяктуу нерселерди колдонуу менен чоң көрүнүүгө аракет кылып, унчукпай артка чегинүүнү эскертишти.

Аймакта  биринчи жолу болгон кол салуулардын себеби тууралуу кенен изилдөө жүргүзүлүп, маймыл үйүрүнүн кайдан келгендиги белгисиз экендиги белгиленди.

Дүйшөмбү күнү Япониянын Ямагучи провинциясында жашаган 8 кишинин маймылдардын кол салуусуна учурап жаракат алгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар