Тунисте жаңы конституиялык долбоор кабыл алынды

Тунис Көз карандысыз Жогорку Шайлоо Кеңешинин төрагасы Фарук Буаскер референдумга катышкан 2 миллион 630 миң 94 шайлоочунун 94, 6 пайызынын «кабыл» добуш бергендиги маалымдалды.

1860010
Тунисте жаңы конституиялык долбоор кабыл алынды

Тунисте жаңы конституция долбоорунун кабыл алынгандыгы билдирилди.  Өлкөдө 25-июлда өткөн Конституциялык  референдумдун расмий эмес жыйынтыктары жарыяланды.

Тунис Көз карандысыз Жогорку Шайлоо Кеңешинин төрагасы Фарук Буаскер референдумга катышкан 2 миллион 630 миң 94 шайлоочунун 94, 6 пайызынын «кабыл» добуш бергендиги маалымдалды.

Буаскер : «Көз карандысыз Жогорку Шайлоо Кеңеши Тунис Республикасы үчүн жаңы конституциялык долбоордун кабыл алынгандыгын жарыялады»,- деп билдирди.

Тунистин президенти Кайс Саид 2021 -  жылы 25 -  июлда парламенттин иштерин токтотуп депутаттардн кол тийбестигин жоюп, 22 - сентябрда да жаңы жарлыктары менен ыйгарым укуктарын кеңейтип, аткаруу органын толугу менен өзүнө баш ийдирген.

Саид 13 -  декабрда билдирген «саясий кризистен чыгуунун жол картасы» менен өлкөдө 2022 -  жылы 25 -  июлда конституциялык реформада 17 -  декабрда да мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоого барыларын жана ал учурга чейин парламенттин жабык болорун билдирген.

Тунис Жогорку Шайлоо Кеңешинин төрагасы Фарук Буаскер кечээги маалымат жыйынында референдумга катышуунун 27,54 пайыз болгонун жарыялады.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар