ЦРУнун директору: "Орусия Украинада 15 миң аскеринен ажырады"

ЦРУнун директору Бёрнс, Колорадодогу Аспен коопсуздук форумунда сөз сүйлөдү.

1857600
ЦРУнун директору: "Орусия Украинада 15 миң аскеринен ажырады"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Билл Бёрнс, Орусиянын Украинадагы согушунда 15 миң аскеринен ажыраганын, украин армиясынын жоготуулары да буга жакын экенин билдирди.

ЦРУнун директору Бёрнс, Колорадодогу Аспен коопсуздук форумунда сөз сүйлөдү.

Бёрнс Орусиянын президенти Владимир Путиндин өлкөсүн кайрадан улуу державага айландыраарына өзүн ынандырганын жана мунун Украинаны көзөмөлдөө менен гана мүмкүн болоорун ойлоп жатканын айтты.

Согуштун жүрүшү жана Орусиянын жоготуулары тууралуу суроого Бёрнс мындай деп жооп берди:

«Жоготуулардын так саны жок. АКШнын чалгындоо коомчулугунун эң акыркы эсептөөлөрү боюнча 15,000ге жакын өлүм жана мындан үч эсе көп жаракат алгандар бар. Бул абдан олуттуу жоготуулар. Украиналыктар да көптөгөн жоготууларга учурады. Бирок мындан бир аз азыраак болсо керек»,-деди.



Тектеш кабарлар