Евробиримдиктен Орусияга жаңы санкциялар

Бул чаралардын ЕБнин расмий гезитинде жарыялангандан кийин күчүнө кирери маалымдалды.

1857536
Евробиримдиктен Орусияга жаңы санкциялар

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, Орусиядан алтын жана зер буюмдарын импорттоого тыюу салган чечимди камтыган жаңы санкциялар пакетин бекитти.

Евробиримдиктин кезектешкен төрагасы Чехиянын расмий социалдык медиа баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө, мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жыйынында Орусияга каршы жаңы санкция пакетинин жактырылганы, бул чаралардын ЕБнин расмий гезитинде жарыялангандан кийин күчүнө кирери маалымдалды.  

Пакетке ылайык, айрым орусиялык чиновниктердин жана мекемелердин мүлкү тоңдурулат. Санкция тизмесине кошула тургандарга да саякатка чыгууга тыюу салынат.

Орусиядан алтын жана зер буюмдарын импорттоого тыюу салынат.

Буга чейин SWIFT эл аралык төлөм системасынан чыгарылган Орусиянын ири банкы Сбербанктын активдери тоңдурулат.

Салынган санкциялардын дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк жана энергетика коопсуздугуна коркунуч туудурбашы камсыздалат.

Жаңы чаралар Евробиримдиктин санкцияларын G7 өлкөлөрүнүн санкцияларына шайкеш келтирет. Ошондой эле азыр колдонулуп жаткан санкциялардын аткарылышын күчтөндүрөт жана мыйзамдык боштуктарды толтурат.



Тектеш кабарлар