Улуу Британияда бийликтеги консервативдик партиянын өкмөтү ишеним добушун алды
Жаңы премьер-министрди аныктоо үчүн парламентте дээрлик беш саатка созулган сессиядан кийин бийликтеги консервативдик партиянын өкмөтү ишеним добушун 349 макул, 238 каршы добушу менен жеңип алды.
Улуу Британияда бийликтеги консервативдик партиянын өкмөтү ишеним добушун алды.
Жаңы премьер-министрди аныктоо үчүн парламентте дээрлик беш саатка созулган сессиядан кийин бийликтеги консервативдик партиянын өкмөтү ишеним добушун 349 макул, 238 каршы добушу менен жеңип алды.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун бийликтеги Консервативдик партиянын лидерлигинен отставкага кетишинен кийин партиянын депутаттарынын арасында уланып жаткан добуш берүүдө артта калган талапкер Том Тугендхат 31 добуш менен четтетилип, мурдагы каржы министри Риши Сунак 115 добуш менен эң көп добуш алган талапкер болгон.
Сунактан кийин 82 добуш менен Пенни Мордаунт, 71 добуш менен Лиз Трасс жана 58 добуш менен Кеми Баденоч орун алышкан.
Лидерлик жарышта акыркы эки талапкердин эң кеч 21-июлга чейин аныкталышы күтүлүүдө.
Андан соң өлкө боюнча Консервативдик партиянын 160 миңдей мүчөсү акыркы эки талапкердин ичинен өлкөнүн жаңы премьер-министрин жана партиянын жаңы лидерин тандайт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жонсондон кийинки партиянын жаңы лидери жана премьер-министрдин №10 резиденциясынын жаңы тургуну 5-сентябрда жарыяланат.
Тектеш кабарлар
Басс: "Түркиянын ролу маанилүү"
АКШнын борбор шаары Вашингтондо 39-Америка-Түркия конференциясы өттү.
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.