Борис Жонсон кызматынан кетти

Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон кызматынан жана партиясынын лидерлигинен кеткендигин билдирди.

1853449
Борис Жонсон кызматынан кетти

Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон кызматынан жана партиясынын лидерлигинен кеткендигин билдирди.

Борис Жонсон борбор шаар Лондондо берген маалыматында : «Жаңы премьер  -  министр кызматын баштаганга чейин кызматымды улантамын. Мени менен бирге болгон үй  - бүлөмө,  досторума жана Британия калкына ыракмат айтамын.  Бул премьер-министрлик процесс мен үчүн абдан маанилүү жана үйрөтүүчү болду»,- деди.  

Британияда Саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид менен Финансы министри Руши Сунак кечээ бири биринин артынан арыз беришкендерин билдирген.

Жавид эми кызматын улантпай тургандыгын жана Жонсонго ишенбегени үчүн арыз бергендигин билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин арыз беришинен кыска убакыттан кийин да Финансы министри Сунак да кызматынан кеткендигин жарыялады.

Эки министрдин арыз берүү чечими Жонсондун Консерватор партиянын депутаты жана партиянын фракция башкаруучусу Крис Пинчерге карата куугунтуктоо айыптоолорун билгенине карабастан тапшырган кызматы үчүн «катуу өкүнгөндүгү» тууралуу билдирүүсүнөн кийин келди.

Премьер  - министрлик кеңсесинин 10 – номеринен мындан мурда да берилген маалыматта Жонсондун Пинчерге каршы куугунтуктоо боюнча айыптоолорду билбегенин мурда билдирген. Бирок кийинчерээк Жонсон 2019 - жылы мамлекеттик катчы болуп турганда Пинчердин үстүнөн түшкөн даттануулар боюнча маалымат алганы белгилүү болгон.

Министрлердин арызынан мурда Жонсон Пинчерге берген кызматтан улам кечирим сурап, өкүнгөндүгүн айткан.

Жонсон премьер  - министрлик кеңсесинин 10  - номердеги коронавирус эпидемиясы учурунда карантин эрежелерин бузган партиялардын катарында болгону үчүн сын жана кысымга  алынган.

Бул партиялардан бири болуу себеби менен акчалай жаза да алган Жонсон  өз партиясынын айрым депутаттары менен оппозиция тарабынан парламентке жалган айтуу менен айыпталган.

Жонсон лидери болгон Консерватор партиясынын ичинде 6 -  июнда өткөрүлгөн ишеним добушун 148ге каршы 211 добуш менен  жеңип чыккан.

Партиянын ичиндеги ишеним добушуна ээ болгонуна карабастан Жонсондун саясий келечеги коркунуч алдында турат деген пикирлер айтылган.



Тектеш кабарлар