Канадада Ковид-19 вакциналары ыргытылат

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү жасады.

1852683
Канадада Ковид-19 вакциналары ыргытылат

Канадада жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын 13,6 миллион дозасы колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан таштандыга ыргытылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, AstraZeneca фармацевтикалык компаниясы менен 2020-жылы Ковид-19 вакцинасынын 20 миллион дозасын алуу боюнча келишим түзүлгөнү эске салынды.

AstraZeneca Ковид-19 вакцинасын сайдыргандарда кандын уюп калышы байкалгандан кийин ар башка фирмалардын вакциналары колдонулгандыгы айтылган билдирүүдө, мунун натыйжада болжол менен 17,7 миллион доза AstraZeneca вакцинасынын сайылбай калгандыгы белгиленди.

Министрлик мөөнөтү өтүп кеткен 13,6 миллион доза вакцинанын ыргытыларын билдирди.



Тектеш кабарлар