Түштүк Корея өзү иштеп чыккан Ковид-19 вакцинасын колдонууга уруксат берди
SK Bioscience фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан "SKYCovione" деп аталган Ковид-19 вакцинасынын инфекцияларга каршы иммунитетти түзүүдө AstraZenecaга караганда эффективдүү экени маалымдалды.
Түштүк Корея өзү иштеп чыккан коронавирус (Ковид-19) вакцинасын колдонууга уруксат берди.
Азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугу министрлигинин билдирүүдө, SK Bioscience фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан "SKYCovione" деп аталган Ковид-19 вакцинасынын инфекцияларга каршы иммунитетти түзүүдө AstraZenecaга караганда эффективдүү экени маалымдалды.
Азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугу министри Ох Ю-кён, вакцинанын 18 жаштан жогоркулар үчүн колдонулушуна уруксат берилгенин белгилеп, өлкөсүнүн вакцинаны иштеп чыгуу технологиясын тастыктаганын айтты.
Вакцинанын 3 клиникалык этаптан ийгиликтүү өткөнүн билдирген Ю-кён, вакциналардын башка өлкөлөргө берилиши үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун уруксаты күтүлүп жатканын кабарлады.
Өлкөдө акыркы 24 саатта 10 миң 437 Ковид-19 учуру аныкталды, вирустан 7 адамдын каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 24 миң 537ге жетти.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.