Путин Тажикстанга сапар менен барды

Россия жана Украинанын ортосундагы согуштун 24 -  февралда башталышынан бери биринчи өлкө тышы сапарын Тажикстанга жасаган Путин борбор шаар Душанбеде президент Имамоли Рахман менен жолугушту.

1849709
Путин Тажикстанга сапар менен барды

Россиянын президенти Владимир Путин Афганистанда бардык этникалык топтордун өлкөнүн башкаруусунда өкүлү болушу керектигин белгиледи.

Россия жана Украинанын ортосундагы согуштун 24 -  февралда башталышынан бери биринчи өлкө тышы сапарын Тажикстанга жасаган Путин борбор шаар Душанбеде президент Имамоли Рахман менен жолугушту.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө маалымат берген Путин Россия менен Тажикстандын ортосундагы карым  - катнаштардын өнүккөндүгүн жана эки тараптуу сооданын өсүшүндө жылдын биринчи 3 – 4  айында «рекордго» жеткендигин айтты.

Коопсуздук тууралуу темаларга маани беришкендерине көңүлдөрдү бурган Путин Афганистан маселесине токтолуп : «Биз бул өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.Абалды көзөмөлгө алган күчтөр менен байланыш түзүүгө аракет кылуудабыз. Бардык этникалык топтордун Афганистандын башкаруусунда өкүлчүлүгү болушу керек. Бул багытта иш алып барабыз»,- деди.

Афганистанда бардык саясий күчтөр менен байланышта экендерин айткан Путин бул өлкөдөн бир делегациянын июнь айынын башында өткөрүлгөн 25 -  Саинт Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышкандыгын эске салды.

Тажикстандын президенти Рахман да Россиянын өлкөсүнүн алдыңкы соода жана экономикалык өнөктөшү болууну уланткандыгын белгилеп : «Жылдын биринчи беш айында өз ара соода дээрлик 50 пайызга өстү. Аймактар арасында кызматташуу өнүгүүдө. Россиянын 80ден ашуун аймагынын Тажикстан менен соода жана башка байланыштары бар»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун улантылгандыгын айткан Рахман Путин менен Афганистандагы абалды талкуулоого даяр экендигин  билдирди.

 



Тектеш кабарлар