Грецияда медицина кызматкерлери иш таштоого чыгышты

Медицина кызматкерлери саламатыткты сактоо системасына бөлүнгөн бюджеттин жана кызматкер санын көбөйтүлүшүн талап кылуу менен иш ташташты.

1846993
Грецияда медицина кызматкерлери иш таштоого чыгышты

Грециянын борбор шаары Афинада медицина кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасына бөлүнгөн бюджеттин жана кызматкер санын көбөйтүлүшүн талап кылуу менен иш ташташты.

Грециянын Коомдук оорукана кызматкерлери федерациясынын (POEDIN) чакырыгы менен саламаттыкты сактоо кызматкерлери Афинада жана айланасында иш таштоого чыгышып, бир группа болсо Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Мавили аянтында башталган нааразылык акциясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында аяктады.

Митингге чыккандар министрликтин алдында ураандар менен сектордогу кызматкер санынын азайгандыгына көңүлдөрдү бурушту жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик  бюджеттик каражаттын көбүрөөк бөлүнүшүн талап кылышты.



Тектеш кабарлар