Кипрдин Рум тарабында чатактуу машыгуу

Түштүк Кипрде 6-10-июнь аралыгында өткөрүлгөн машыгууга жикчил террордук уюм ПККнын корбашчысы Өжаландын колго түшүрүлгөндөн мурда колдонгон рум паспортунун ээси Лазарос Маврос да катышты.

1845245
Кипрдин Рум тарабында чатактуу машыгуу

Рум улуттук гвардия армиясынын аскердик машыгуусунда чатактуу окуя болду.

Түштүк Кипрде 6-10-июнь аралыгында өткөрүлгөн машыгууга жикчил террордук уюм ПККнын корбашчысы Өжаландын колго түшүрүлгөндөн мурда колдонгон рум паспортунун ээси Лазарос Маврос да катышты.

Машыгууда Кипр аралындагы румдар алгач дин кызматчыларына бутага алуу машыгуусун өткөрүштү. Мындан тышкары террордук уюм ПКК жана анын корбашчысына Түштүк Левкоша жана Лимассол шаарларында колдоо кыймылдарын баштады.

Машыгууга рум журналисти жана ПКК тарапкери Лазарос Маврос да катышты.

Рум улуттук гвардиясынын интернет сайтындагы сүрөттөрдө мылтык менен турган Маврос түрк коомчулугу тарабынан таанымал ысым.

Маврос террористтердин корбашчысы Өжаландын колго түшүрүлгөнгө чейин колдонгон рум паспортунун ээси.

Жасалма паспорт рум журналистинин атына чыгарылган жана ага Өкаландын сүрөтү тиркелген. Террордук уюмдун корбашчысынын рум паспорту менен жашынып жатканы Түркиядан чоң каршы чыгууну жараткан.

Акыркы мезгилде провокацияларын арттырган румдардын аскердик машыгууга ПКК тарапкерлерин да кошуусу террорду колдогондорун дагы бир жолу ачыкка чыгарды.



Тектеш кабарлар