АКШда азиялык жана Тынч океан аралдарынын тургундарынын өмүрү 85,7 жыл деп белгиленди

20 жылга жакын убакытта АКШда орточо жашоо убактысынын 2,3 жылга өсүп 76, 8ден 79, 1ге чыккандыгы байкалып, расалык жана  этникалык күбөлүктөргө карата орточо жашоо убактысынын өзгөргөндүгү белгиленди.

1845222
АКШда азиялык жана Тынч океан аралдарынын тургундарынын өмүрү 85,7 жыл деп белгиленди

АКШда азиялык жана Тынч океан аралдарынын тургундарынын   эң жогорку орточо жашоо убактысы  85,7 жыл деп аныкталды. 

АКШда жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде 2000 - 2019 -  жылдардын арасында өлкөнүн 3 миң 79 район жана аймагындагы орточо  жашоо убактысы иликтенди. Изилдөөдө өлкөдө орточо жашоо убактысынын расалык жана этникалык күбөлүктөрүнө карата өзгөргөндүгү белгиленди. 

20 жылга жакын убакытта АКШда орточо жашоо убактысынын 2,3 жылга өсүп 76, 8ден 79, 1ге чыккандыгы байкалып, расалык жана  этникалык күбөлүктөргө карата орточо жашоо убактысынын өзгөргөндүгү белгиленди. 

Азиялык жана Тынч океан аралдарынын тургундарынын 2002 -  жылы 82, 2 болгон орточо жашоо убактысынын 2019 -  жылы 85, 7 жылга чыгып жалпы өлкөдөгү орточо жашоо убактысынын 6,6 жылдан жогору экендиги белиленди. 

Изилдөө кара түстүүлөрдүн орточо жашоо убактысынын бир топ жогорулагандыгын аныктады.

2000 - жылдан 2019 - жылга чейин кара түстүүлөрдүн өмүрүнүн узактыгы башка расалык же этникалык топторго караганда 3,9 жылга көбөйүп, 2000-жылдагы 71,4 жаштан 2019-жылы 75,3 жашка чейин өстү.

Ак түстүү адамдардын орточо жашоо убактысы ошол эл мезгилде 1,7 жылга өсүп 78, 9 жылга чыкты. 

Калкынын саны  болжол менен 60 миллион болгон латын америкалыктардын орточо жашоо убактысы  бул процессте 79,5тен 82,2ге чейин өстү.

Бир жагынан алганда, эң төмөнкү орточо жашоо убактысы 73,1 менен жергиликтүү калкта кездешилди. Изилдөөнүн жыйынтыгы The Lancet журналында жарыяланды. 

 


 

 

 


 



Тектеш кабарлар