Орус жетекчи : "Талибан убактылуу өкмөтүн таануу ыктымалыбыз бар"

Орус телекөрсөтүүсү Первый каналга маалымат берген Замир Кабулов Талибан убактылуу өкмөтүнүн соода министринин өкүлү Нуреттин Азиздин борбор шаар Москвага сапар менен барарын айтты.

1843634
Орус жетекчи : "Талибан убактылуу өкмөтүн таануу ыктымалыбыз бар"

Россиянын презиенти Владимир Путиндин Афганистан атайын өкүлү Замир Кабулов Афганистанда Талибан убактылуу өкмөтүн таануу ыктымалдарынын бар экендигин айтты.

Орус телекөрсөтүүсү Первый каналга маалымат берген Замир Кабулов Талибан убактылуу өкмөтүнүн соода министринин өкүлү Нуреттин Азиздин борбор шаар Москвага сапар менен барарын айтты.

Афганистандын Россиядан айрым продукцияларды алууну каалагандыгын айткан Кабулов Путиндин бул өлкөгө дан бөлүүгө уруксат бергендигин белгиледи. Талибан убактылуу өкмөтүнүн Россия тарабынан таанылуу ыктымалына да токтолгон Кабулов : «Мындай ыктымал бар. Мунун шарттары Россиянын президенти жана тышкы иштер министри тарабынан белгиленди. Бул багытта таштала турган биринчи кадам ар тараптуу, эффективдүү саясий өкмөт түзүү. Биз муну афган өнөктөштөрүбүзгө ачык айтып жатабыз. Бул  ишке ашканда, олуттуу сүйлөшүүлөргө негиз түзүлөт»,-деди.

Замир Кабулов  Россиянын Талибан убактылуу өкмөтүнүн таанылышы тууралуу АКШ менен башка өлкөлөрдү ээрчибей тургандыгын баса белгилеп : «Талибан биз менен кызматташтык түзүү жана кабыл алынган эл аралык  эрежелерге карата иштөөнү каалайт. Алар Россиянын Афганистан тууралуу негизги тынчсызданууларын түшүнөт. Бул тынчсыздануулар эл аралык  террор жана банги зат өндүрүү»,- деди.

Талибандын Орто Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурбагандыгын белгилеген Кабулов : «Талибан Афганистандан качкан бардык батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып бир гана Россия үчүн эмес, башка өлкөлөр үчүн да душман болгон ДЕАШ террордук уюму менен чындыгында согушуп жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар