Орусия: "Черниговдогу ок-дары кампасын талкаладык"

Конашенков Орусия менен Украинанын ортосунда 3 айдан ашык убакытка созулган согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1843218
Орусия: "Черниговдогу ок-дары кампасын талкаладык"

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Чернигов аймагындагы ок-дары кампасын жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылгандарын айтты.

Конашенков Орусия менен Украинанын ортосунда 3 айдан ашык убакытка созулган согуштагы орус армиясынын кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинадагы аскерий аймактарга чабуулдарын улантып жатышканын белгилеген Конашенков, Украина армиясынын «олуттуу» жоготууга учурагандыгын жактады.

Конашенков: "Чернигов облусунун Прилуки конушуна жакын жерде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык курал-жарак жана ок-дарылар кампасы "Калибр" жогорку тактыктагы ракеталары менен жок кылынды. Мындан тышкары, аскерлер жана аскердик техникасы бар 11 аймак, 3 «Град» ракеталык комплекси баш болгон артиллериялык куралдын 8 позициясы жана 2 ок-дары кампалары атылды",- деди.

Украина армиясынын аскерлери жана аскердик техникасы жайгашкан 101 аймакка Орусиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрү тарабынан сокку урулганын түшүндүргөн Конашенков: "Кол салууларда 350 украиналык улутчул, 3 штаб, 13 танк жана бронетранспортер, 6 «Град» көп стволдуу ракета аткычтар, 14 артиллериялык курал жана 22 атайын унаа жок кылынды»,-деп айтты.

Орус аба системаларынын Украина куралдуу күчтөрүнө таандык Миг-29 үлгүсүндөгү согуштук учагын Донецк аймагында жана Ми-24 үлгүсүндөгү согуштук учагын Николайев облусунда атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков 8 учкучсуз учуучу аппараттын да атып түшүрүлгөнүн кабарлады. 

Конашенков ошондой эле Орусиянын артиллериялык бөлүктөрү тарабынан 280 аскердик аймак, 18 административдик борбор, 59 артиллериялык позиция жана күйүүчү май цистерналары жок кылынганын билдирип: «Украинада бүгүнкү күнгө чейин 202 учак, 131 тик учак, 1205 учкучсуз учуучу аппарат, 338 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3548 танк жана бронетехника, 521 көп стволдуу ракета аткычтар, 1947 гаубицалар жана минометтор, 3605 жеке менчик аскердик техника жок кылынды",-деди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук коргоону көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил Мизинцев да украин тарап Орусияга Северодонецк шаарындагы “Азот” заводунан карапайым калкты Лисичанск шаарына эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду уюштуруу өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. 

Бул үчүн эртең саат 08.00-20.00 аралыгында Луганск облусунун Сватове шаарына карай гуманитардык коридор ачыла турганын белгилеген Мизинцев, Азот заводундагы украин аскерлери менен чет элдик жалданма согушкерлерге эртеңкиге чейин багынып берүүлөрү үчүн убакыт бергендерин айтты.



Тектеш кабарлар