Филиппиндерде беткап кийбеген адамдар камакка алынышы мүмкүн

Ички иштер министринин орун басары Эпимако Денсинг, Ковид-19 пандемиясы басаңдаганына карабастан улуттук чукул медициналык кызматтардын интенсивдүүлүгүнүн уланып жатканын билдирди.

1842623
Филиппиндерде беткап кийбеген адамдар камакка алынышы мүмкүн

Филиппиндерде коронавирус (Ковид-19) чараларынын алкагында коомдук жайларда беткап кийбеген адамдардын камакка алынышы мүмкүн экени кабарланды.

Ички иштер министринин орун басары Эпимако Денсинг, Ковид-19 пандемиясы басаңдаганына карабастан улуттук чукул медициналык кызматтардын интенсивдүүлүгүнүн уланып жатканын билдирди.

Денсинг президент Родриго Дутертенин "коомдук жайларда беткап кийүү" буйругуна баш ийбөөнүн камоого алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Себу штатынын губернатору Гвендолин Гарсианын каалоого жараша маска колдонуу чечимин эске салган Денсинг, Себу штаты баш болгон коомдук жайларда маска кийүү талабынын сакталышы керектигин маалымдады.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өткөн аптада Ковид-19 учурларынын көбөйгөндүгү, бирок оорунун жеңил өткөнү айтылды.

Өлкөдө акыркы 24 саатта 386 адам Ковид-19га чалдыкты. Вирустан каза болгондор катталган жок.



Тектеш кабарлар