БУУ Израилди эл аралык мыйзамга баш ийүүгө чакырды
Комиссиянын төрагасы Нави Пиллай Израиль өкмөтүнүн Палестинанын оккупациясына карата саясаттарды бекемдегенден башка эч нерсе кылбагандыгын белгиледи.
БУУнун астында түзүлгөн Оккупациядагы Палестина, Чыгыш Кудс жана Израиль тууралуу көз карандысыз эл аралык териштирүү комиссиясы эл аралык коомчулукту Израилдин эл аралык мыйзамдарга баш ийүү менен Палестинаны басып алуусун токтотуу үчүн жаңы жолдорду издөөгө чакырды.
БУУнун адам укуктары кеңешинин 50 - сессиясында башкы ассамблеяга кайрылган комиссиянын төрагасы Нави Пиллай комиссиянын 7 - июндагы Палестинага байланыштуу жарыялаган отчетунда орун алган : «Израилдин Палестина жерлерин оккупациялоосу жана Палестина калкына карата басмырлоону улантуусу, аймактагы туруксуздук жана кагылышуунун негизги себеби»,- экендигин кайталады.
Пиллай Израиль өкмөтүнүн Палестинанын оккупациясына карата саясаттарды бекемдегенден башка эч нерсе кылбагандыгын белгилеп : «Батыш Шериага караштуу Месафир Ятта аймагындагы миңдеген палестиналыктын күч менен үйлөрүнөн чыгарылышы мүмкүн экендигине байланыштуу Жогорку соттун чечими оккупация процессин козгоду»,- деди.
Комиссиянын Палестинадагы укук бузууларды иликтөө үчүн Израил өкмөтү менен байланышууга аракет кылганын баса белгилеген Пиллай Израилдин оккупациядагы Палестина жерлерине комиссиянын кирүүсүнө шарт түзүүнү четке каккандыгын белгиледи.
Пиллай БУУнун Израилге байланыштуу резолюцияларынын ишке ашпашы Израилдин Палестинадагы системалуу зомбулуктарынын кайталанышына себеп болгонун белгиледи жана : “Израилдин мындан мурдагы комиссиялардын корутундуларын жана сунуштарын ишке ашыруу боюнча так кадамдарды таштоону четке кагуусунан улам эл аралык коомчулук Израилдин эл аралык мыйзамга баш ийүүсү үчүн жаңы жолдорду издеши керек»,- деди.
Эл аралык коомчулуктун ушул убакка чейин Израилдин оккупациясын токтотуу үчүн олуттуу кадам таштай албаганын баса белгилеген Пиллай : «Баскынчылык дароо токтотулушу керек, Палестина менен Израилдеги адамдардын коңшулары менен бирдикте тынчтык жана коопсуздук ичинде жашоо укуктары эч кандай бөлүүчүлүк болбостон түзүлүшү керек»,- деп айтты.