Столтенберг оорудан улам сапарларын токтотту

Бир канча убакыт үйдө иштей тургандыгы белгиленген Столтенберг пландалган программага телеконференция аркылуу катышат.

1840514
Столтенберг  оорудан улам сапарларын токтотту

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг шишик оорусуна байланыштуу Германия жана Румыния сапарларын токтотту. НАТОнун расмий өкүлү  берген маалыматына караганда Столтенберг бүгүн Германияга андан кийин Румынияга карата пландалган сапарларын аткарбайт. 

Бир канча убакыт үйдө иштей тургандыгы белгиленген Столтенберг пландалган программага телеконференция аркылуу катышат. 

НАТОнун расмий өкүлү Башкы катчыга шишик диагнозу коюлганын жана шишиктин Ковид-19дан  кийин байкалаарын айтты.

Столтенберг бүгүн Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц жана коргоо министри Кристин Ламбрехт менен жолугуп, эртең Румыниядагы Бухарест-9 саммитине катышмак. Столтенберг май айында Ковид  - 19 жуктурган. 

 

 



Тектеш кабарлар