Канададан Россияга санкция

Канада бухгалтердик эсеп, жарнама сыяктуу 28 кызматтын Россияга экспорттолушуна тыюу салды.

1840272
Канададан Россияга санкция

Канада орус нефть, газ жана химия өнөр жайларынын операциялары үчүн керектүү болгон  бухгалтердик эсеп, жарнама сыяктуу 28 кызматтын Россияга экспорттолушуна тыюу салды.

Тышкы иштер министри Мелани Жоли жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Украина согушунан улам Россияга карата жаңы санкцияларды жарыялады. Бул санкциялардын негизинде орус нефть, жаратылыш газ жана химия өнөр жайларынын операциялары үчүн керектүү болгон  бухгалтердик эсеп,  жарнама сыяктуу 28 кызматтын Россияга экспорттолушуна тыюу салынды.

Жоли билдирүүсүндө бул секторлордун Россиянын бюджет кирешесинин 50 пайызына туура келгендигин белгиледи. 

 

 

 



Тектеш кабарлар