Песков жана Шойгудан дан экспорту тууралуу билдирүү

Дмитрий Песков Украинанын Одесса портунан дан экспортун улантуу  үчүн аймактын миналардан тазаланышы керектигин айтты.

1839197
Песков жана Шойгудан  дан экспорту тууралуу билдирүү

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын Одесса портунан дан экспортун улантуу  үчүн аймактын миналардан тазаланышы керектигин айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында Одессадан дан экспортунун кайрадан башталышына карата процесске баа берди. 
Бул процесске байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путиндин түрдүү маалыматтарды бергендигин эске салган Песков : "Путин Украина портторунун жакындарындагы миналарды тазалашы керектигин айткан. Ушундайча мыйзам тышы курал өткөрүүгө карата  биздин текшерүүбүздөн өткөн кемелер портко кирип дан жүктөй алышат. Бул процесске байланыштуу такталган бир келишим жок",- деди. 

Песков Одессадан чыга турган кемелердин эл аралык сууларга чыгуусуна колдоо көрсөтө ала тургандарын айтты. Бир тараптан Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясынын текшерүүсү астына кирген Бердянск жана Мариуполь портторунун нормалдуу иштегендигин жана дан ташууга даяр экендигин билдирди. 

Шойгу борбор шаар Москвада министрликтин жооптуулары менен болгон жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө орус аскердик бөлүктөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда кадимки жашоого кайтуу аракеттеринин уланып жаткандыгын айтты. 

Орус армиясынын көзөмөлүндөгү Бердянск жана Мариуполь порттору дан ташууга даяр экенин белгилеген Орусиянын коргоо министри: «Мариуполь жана Бердянск порттору штаттык режимде иштеп жатат. Башкы командирдин (Россия президенти Владимир Путин) буйругу менен бул порттордон дан жүктөөгө даярбыз",- деди.

 



Тектеш кабарлар