Түштүк Корея карантинди жоюу чечимин чыгарды

Түштүк Кореянын премьер  - министри Хан Дак Су 7 күндүк милдеттүү карантиндин жоюла турганын билдирди.

1837223
Түштүк Корея карантинди жоюу чечимин чыгарды

Түштүк Корея Ковид  - 19га каршы вакцина албаган чет элдик туристтер үчүн киргизген карантинди жойо тургандыгын билдирди. 

Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын премьер  - министри Хан Дак Су Ковид-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдарга карата колдонулган 7 күндүк милдеттүү карантиндин жоюла турганын билдирди. Хан ПЦР тестинин талабы зыяратчылар саякатка чыкканга чейин жана Түштүк Кореяга келгенде улана турганын айтты.

Борбор Сеул жана анын тегерегин тейлеген Инчхон эл аралык аэропортундагы чектөөлөрдүн да 8-июнда жоюларын жана талап боюнча каттамдардын уюштурула тургандыгы тууралуу маалымат берилди.  



Тектеш кабарлар