Дуда Украинада Парламентке кайрылды

Орусия 24-февралда согуш баштагандан кийин борбор калаа Киевде Украина парламентинде сөз сүйлөгөн биринчи лидер болгон Дуда, Украинанын инфраструктурасынын согушта чоң зыянга учураганын айтты.

1830410
Дуда Украинада Парламентке кайрылды

Польшанын президенти Анджей Дуда Украинада парламентке кайрылып, Украинанын согуштан зыянга учураган инфраструктурасы Орусиянын төлөй турган куну менен калыбына келтирилиши керектигин айтты.

Орусия 24-февралда согуш баштагандан кийин борбор калаа Киевде Украина парламентинде сөз сүйлөгөн биринчи лидер болгон Дуда, Украинанын инфраструктурасынын согушта чоң зыянга учураганын айтты.

Польша катары Украинанын орус агрессиясы себеп болгон кыйроодон кийин инфраструктурасынын калыбына келтирилишине активдүү салым кошууну каалагандарын белгилеген Дуда, Украинага түрдүү фонддордон колдоо көрсөтүү зарылдыгына көңүлдөрдү бурду.

Орусиянын Украинага кол салганын жана ушул себептен Украинанын Орусиянын репарациясы менен калыбына келтирилиши керектигин белгилеген Дуда: «Биринчиден, азыр тоңуп турган батыш банктарындагы эбегейсиз валюталык (орус валютасы) резервдери ушул ишке багытталышы керек»,-деди.

Украинанын Орусиянын кээ бир талаптарына жол бошотушу керек деген тынчсыздандырган ушак-айың тараганын белгилеген Дуда: «Бир гана Украина өз келечегин өзү чечүүгө укуктуу»,-деп айтты.

Өлкөсү менен Украинанын ортосунда жакшы коңшулук келишимин түзүүгө убакыт келгенин билдирген Польшанын президенти, Варшава менен Киевдин ортосунда ылдам жүрүүчү поезд долбоорун ишке ашыруу керектигин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да Дуданын сүйлөгөн сөзүн парламентте укту.



Тектеш кабарлар