Словенияда химиялык заводдо жарылуу болду
Жарылууда 20 киши жаракат алды.
1826072
Словениянын Кочевже шаарындагы химиялык өндүрүш заводунда болгон жарылууда 20 киши жаракат алды.
Жаракат алгандар баш калаа Люблянадагы ооруканага жаткырылды.
Кочевже шаарынын мэри Владимир Пребилич жетекчилердин аймакта иштеп жатканын, ал эми аймактын элине "терезелерин жаап, сыртка чыкпоо" эскертилгенин айтты.