Польшанын Москвадагы элчиси Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылды

Польшада активисттер 9 -  майда орус элчи Сергей Андреевге кызыл боёк менен кол салышкан.

1825969
Польшанын Москвадагы элчиси Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылды

Польшанын Москвадагы элчиси Кшиштоф Краевский Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Элчи Краевский орус жетекчилердин  Польшанын борбор шаары Варшавада орус элчиси Сергей Андреевге карата жасалаган кызыл боёктуу нааразычылык акциясы тууралуу чакырылгандыгын айтты. 

Краевский  орус жетекчилерге дипломаттарды коргоо статусу сөз болгондуктан мындай нерселердин болбошу керектигин айтканын белгиледи. Польшада активисттер 9 -  майда орус элчи Сергей Андреевге кызыл боёк менен кол салышкан. 

24 - февралда Россиянын Украинага каршы баштаган согушуна каршы активисттердин тобу Варшавадагы советтик жоокерлердин көрүстөнүнө барганда кол салу болгон  Андреевдин жүзү, колу жана кийими кызыл боек менен боёкко боёлду. 

 Митингчилер Россияга каршы ураандар жана желектер менен жүрүштү. 

 

 

 



Тектеш кабарлар