Марокко-Түркия алакалары

Марокконун тышкы иштер министри Бурита менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1825703
Марокко-Түркия алакалары

Марокконун тышкы иштер министри Насер Бурита, Түркия менен карым-катнаштарды күчтөндүрүү үчүн аракет кылып жаткандарын билдирди.

Марокконун тышкы иштер министри Бурита менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Марокконун борбору Марракеш шаарында 76 мамлекет жана эл аралык мекеменин катышуусунда өткөн ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын министрлер жыйынынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Бурита: «Марокко падышасы Мухаммед VI жана президент Режеп Таййип Эрдогандын тапшырмаларына ылайык Түркия менен эки тараптуу карым-катнаштарды бекемдөө үчүн аракет кылып жатабыз»,-деди.

Министр Чавушоглу менен ушул алкакта кызматташтык механизмдерин киргизүү боюнча макулдашууга жетишкендерин белгилеген министр Бурита, жакынкы келечекте Түркияга расмий сапар менен келе турганын билдирди.



Тектеш кабарлар