Киевдеги метролордо транспорт кайрадан иштей баштады

Киевдеги метро линиялары жарандардын шаар ичиндеги транспорту катары кызматын улантууда.

1823427
Киевдеги метролордо транспорт кайрадан иштей баштады

Россиянын 24 -  февралда Украинага карата согуш башташы менен баш калкалоочу жер катары колдонулган Киевдеги метро линиялары жарандардын шаар ичиндеги транспорту катары кызматын улантууда.

Өткөн айда Украина армиясы Киев аймагындагы отурукташуу жерлеринин көзөмөлүн толук колго алып шаардагы турмуш калыбына келди. 

Борбор шаардын тургундары согуштун башталышы менен 1 айдан ашуун убакыт орус кол салууларынан коргонуу үчүн колдонгон метро станциялары да  мурдагыдай иштей баштады. 

Бир тараптан Киевде күйүүчү майдын жетишсиздиги да жеке унаалар менен транспорт маселесин күн тартибине алып келди. Бензин станцияларында эки күндөн бери күйүүчү май берилбей жатат. Маселенин көптөгөн жумаларга созулары айтылууда. 

 

 



Тектеш кабарлар