Штайнмайер Зеленский менен сүйлөштү

Германия президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Штайнмайер украин элинин орус баскынчылыгына каршы кайраттуу күрөшү үчүн Зеленскийге тилектештигин, урмат-сыйын жана колдоосун билдирди.

1822632
Штайнмайер Зеленский менен сүйлөштү

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Германия президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Штайнмайер украин элинин орус баскынчылыгына каршы кайраттуу күрөшү үчүн Зеленскийге тилектештигин, урмат-сыйын жана колдоосун билдирди.

Билдирүүдө Германиянын Украинанын өзүн-өзү коргоо күрөшүнө эң башынан каржылык, экономикалык жана аскердик колдоо көрсөткөнү жана тилектештик менен жанында турганы айтылды.

Эки лидердин  бул сүйлөшүүнү «абдан маанилүү жана абдан жакшы» деп мүнөздөп, мурунку ыңгайсыздыктардын жоюлганын жана эки тараптын жакын байланышта болушуна чечим чыгаргандары белгиленди.

Польшанын жана Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери апрель айынын ортосунда Штайнмайер менен Киевге барууну каалаган, бирок Украинанын президенти Зеленский Штайнмайерди кабыл алгысы келбегени ортого чыкты.

Германиянын канцлери Олаф Шольц да Штайнмайердин Украинага карата сапарынын четке кагылышынын өзүнүн бул өлкөгө карата сапарынын алдында тоскоол болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар