ДССУ белгисиз гепатит вирсун жуктургандар үчүн «стандарт гигиеналык эрежелерди колдонууну" сунуштады

Себеби белгисиз гепатит вирусу 16 өлкөгө жайылды.

1820851
ДССУ белгисиз гепатит вирсун жуктургандар үчүн «стандарт гигиеналык эрежелерди колдонууну" сунуштады

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Британияда чыккан жана андан кийин 16 өлкөгө жайылган, себеби белгисиз гепатит вирусун жуктургандар үчүн «стандарт гигиеналык эрежелерди колдонууну" сунуштады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жазуу түрүндөгү маалыматында : «Кусуу, ич өткөк жана ич оорусу сыяктуу ашказан жана ичегилер менен байланыштуу белгилер болгон ар бир баланын жөнөкөй гигиеналык эрежелерди сактап жана колун жууп турушу абдан маанилүү»,- деп айтылды.

Билдирүүдө бул белгилер улантыла берсе же күчөп кете турган болсо медициналык жардам алуу керектиги белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун изилдөөчүсү, доктор Филипп Истербрук кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинде өткөн басма сөз жыйынында 16 өлкөдө ушул убакка чейин 1 айдан 16 жашка чейинки 170 балада гепатит вирусу аныкталганын жарыялады.

Истербрук вирус жуктурган балдардын Ковид- 19 вакцинасын алгандыгы тууралуу маалыматты бөлүшүп, бейтаптардын Ковид- 19эмдөөлөрү менен байланышынын жок экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар