Бул жылдын биринчи Күн тутулуусу 30 - апрелде болот

Күндүн кийинки тутулуусу 25 - октябрда болот.

1820141
Бул жылдын биринчи Күн тутулуусу 30 -  апрелде болот

Быйылкы жылдын биринчи Күн тутулуусу 30-апрелде дүйнөлүк  убакыт боюнча  саат 18:45те болот.

Күндүн жарым-жартылай тутулушу дүйнөлүк убакыт боюнча саат 20:41де максималдуу 54 пайызга жетет.

Антарктида жана Түштүк Америкада көрүнө турган 2022-жылдын биринчи Күн тутулуусу болжол менен 4 саатка созулат.

Көбүнчө Чилинин батыш жээгинде боло турган күн тутулуусу  учурунда  күн батканда сейрек кездешүүчү "мүйүздүү күн" пайда болот.

Андан  кийин 16-майда "Кандуу Ай" деп аталган Айдын толук тутулуусу болот.

Күндүн кийинки тутулуусу 25 - октябрда болот.



Тектеш кабарлар