Россия Twitterге 3 миллион рубль айып салды
Интерфакс агенттигинин кабарына караганда, Россия буга чейин ушул эле себеп менен Google компаниясына да ушундай эле өлчөмдөгү айып пул салган.
1819948
Россияда сот тыюу салынган мазмунду алып салбагандыгы үчүн социалдык медиа палфтомасы Twitterге 3 миллион рубль айып салды.
Болжол менен 41 миң АКШ долларына барабар болгон жогорудагы айып пулду Молотов коктейлдерин жасоо боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган билдирүүлөр жана Россияда тыюу салынган мазмунду Twitter өчүрбөгөндүгү үчүн салынган.
Интерфакс агенттигинин кабарына караганда, Россия буга чейин ушул эле себеп менен Google компаниясына да ушундай эле өлчөмдөгү айып пул салган.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.