Кытайлык дрон өндүрүүчүсү Орусия жана Украинадагы ишин токтотту

DJI Орусиядагы ишин токтоткон биринчи кытайлык компания болду.

1819113
Кытайлык дрон өндүрүүчүсү Орусия жана Украинадагы ишин токтотту

Кытайлык дрон өндүрүүчүсү DJI Орусия жана Украинадагы ишин убактылуу токтотконун кабарлады.

Компаниянын билдирүүсүндө, мындай чечимдин ар кайсы өлкөлөрдөгү жергиликтүү мыйзамдарга шайкеш келүү эрежелерин баалоодон улам кабыл алынганы белгиленди. 

Украинанын вице-премьер-министри Михайло Федоров өткөн айда орус аскерлеринин ракеталарын багыттоо үчүн DJI учкучсуз учактарын колдонуп жатканын билдирген. Компания коммерциялык максатта чыгарылган дрондордун согуш зонасында иштешине тоскоол боло турган технологияга ээ эместигин маалымдаган. 

DJI 24-февралдан бери Украинада уланып жаткан согуштан улам Орусиядагы ишин токтоткон биринчи кытайлык компания болду.

Пекин администрациясы Орусияны эл алдында айыптоодон качканы жана согушту токтотууга жетиштүү маани бербегени үчүн сынга алынууда. 



Тектеш кабарлар